super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков илимге мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулбай жатканын моюнга алды

 

Жогорку Кеңештин Билим берүү, илим, маданият жана спорт комитети бүгүн, 11-февралда “Кыргызстандагы илимдин жана инновациянын абалы, алардын өнүгүү келечеги” деген темада парламенттик угуу өткөрдү.

Төрага Асылбек Жээнбеков илимге мамлекет тарабынан олуттуу көңүл бурулбай жатканын айтты.

Мамлекетке кандай программа керек? Бийлик да, илимий чөйрө да бир багытта болушу зарыл. Мындай багыт Кыргызстанды туруктуу өнүктүрүү стратегиясында коюлган максаттар аркылуу белгиленген. Стратегияны ишке ашыруудагы илимдин ордун өкмөттүн программасында  аныктоо керек. Мамлекеттик буйруктун негизинде жасалган илимий жетишкендиктер, ачылыштар мамлекет тарабынан колдоого ээ болуп, иш жүзүнө ашырылып, мамлекетке, коомго кызмат кылышы кажет”,- деди төрага.

Жээнбеков илимпоздорду өлкөбүздө болуп жаткан процесстерге активдүү катышып, сунуштарын билдирип турууга чакырды. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: