Бүгүн Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы кичи райондордо электр жарыгы өчүрүлөт
Бүгүн, 11-февралда Бишкек шаарынын түштүк тарабындагы кичи райондордо электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, саат 18:30дан 20:30га чейин 6-9-10-кичи райондорунун бир бөлүгүндө, саат 20:30дан 22:30га чейин 6-7-кичи райондорунун бир бөлүгүндө, саат 22:30дан 00:30га чейин райондорунун бир бөлүгүндө жарык жок болот.
11-февралга карата борбор калаада электр энергиясынын суткалык керектөөсү 16,6 миллион киловатт- саатты түздү. План боюнча 11,7 миллион киловатт-саат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

