super.kg logo
  Саясат  

Украина. Президент Виктор Янукович “УДАР” партиясынын лидери Виталий Кличко менен теледебатка чыгууга даяр

 

Украинанын президенти Виктор Януковичтин “УДАР” партиясынын лидери Виталий Кличко менен теледебатка чыгууга даяр экендигин бүгүн, 11-февралда украиналык басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, президенттин басма сөз кызматы өлкө башчынын оппозициялык партиянын лидери менен жолугушууга даяр экенин жергиликтүү сайттардын бирине кабарлаган. Анда “Өнүккөн өлкөнүн баарында дебат өткөрүлөт. Бирок бул дебат Майданда чогулган элге гана эмес, жалпы журтка көрсөтүлүүсү үчүн шарт түзүлүшү керек” деп айтылат.

Эске салсак, Виталий Кличко 9-февралда элдин алдына чыгып, Януковичтин эл жана өзү менен жолугушу керектигин айткан. Экс-мушкер андан тышкары президент өзү тууралуу эл эмне ойлоп жатканын билүүгө тийиш жана өлкө башчынын каатчылыкка жооптуу экенин кошумчалаган. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: