super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Жол-кайгуул кызматы тарабынан мамлекеттик кызматта иштеген 22 айдоочуга административдик протокол түзүлдү

 
Жалал-Абад ОИИББинин Жол-кайгул кызматынын инспекторлору тарабынан 3-февралдан 8-февралга чейин «Мамлекеттик кызматтык автоунаа» аталыштагы профилактикалык рейд өткөрүлдү. 
Иш-чаранын негизги максаты - мамлекеттик мекемелерде иштеген кызматкерлердин кызматтык автоунааларды туура пайданалуу жагын көзөмөлгө алуу, мыйзам бузуу жагы аныкталса, мыйзам чегинде чара көрүү. 
Рейддин жүрүшүндө жол кыймылынын эрежесин бузган мамлекеттик кызматта иштеген 22 айдоочуга административдик протокол түзүлүп, тийиштүү чаралар көрүлдү. Жалпысынан 2 814 автоунаа текшерилген. 
Анын ичинен жол кыймылынын эрежесин бузгандар - 570, атайын короого коюлган автоунаалар – 86, түзүлгөн административдик протоколдор - 570, унааны мас абалда айдагандар - 33, айдоочулук күбөлүгү жана тийиштүү документтери жок - 35, унаанын айнектерин караңгылатып алгандар - 3, мамлекеттик белгиси жоктор -20 жана башка жол эрежесин бузгандар – 479. 
Бул тууралуу Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: