super.kg logo
  Саясат  

Алмазбек Атамбаев Дмитрий Медведев менен Бажы союзу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

 

Бүгүн, 11-февралда КРнын Президенти Алмазбек Атамбаев Москва шаарында Орусия өкмөтүнүн төрагасы Дмитрий Медведев менен жолугушту. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматы билдирди. 

Маалыматка ылайык, Дмитрий Медведев мамлекеттер аралык жана өкмөттөр аралык деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды ишке ашырууга даяр экенин белгилеп өттү.

“Эки тараптуу мамилелерибиздин бекем болушу үчүн мамлекеттер аралык, президенттер ортосундагы жана өкмөттөр аралык деңгээлде жетишилген бардык макулдашууларды биз ишке ашырабыз. Акыркы жылдары биздин мамилелерибиз жаңы сапатка ээ болду”, - деди Дмитрий Медведев. 

Ошондой эле жолугушуунун күн тартибинде интеграциялык процесстерге дагы, эки тараптуу мамилелерге байланыштуу дагы маселелер тургандыгын кошумчалады.

Өлкө башчы бул жолугушуу эки мамлекеттин жетекчилери жана өкмөттөрү буга чейин жетишкен макулдашуулардагы ири экономикалык долбоорлорду талкуулоо үчүн жакшы мүмкүнчүлүк түзгөндүгүн баса белгиледи. 

Алмазбек Атамбаев менен Дмитрий Медведев Бажы союзуна жана Бирдиктүү экономикалык мейкиндикке кирүүнү пландаштырып жаткандыгына байланыштуу Кыргызстан үчүн мүмкүн болгон оош-кыйыштарды жокко чыгаруу боюнча биргелешкен чараларды талкуулашты.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: