Нурлан Насип: "Продюсерим экөөбүз уруш-талашы жок, кеңешип, бирге иштешүүнү токтоттук"



Канат Кадыржан менен Нурлан Насип
“Жылдын супер ырчы мырзасы” наамынын ээси Нурлан Насип продюсери Канат Кадыржан менен иштешпей калды. Алардын мындай кадамга баруусуна ырчы менен продюсердин ортосунда түзүлгөн келишимдин аягына чыкканы себеп болгон. Бул тууралуу SUPER.KG порталына продюсер менен ырчы маалымдашты.
Нурлан Насип продюсер менен 5 жылдык кызматташуу келишими соңуна чыкканын айтты. “Келишим жазында аяктамак. Канат байке (ред. Канат Кадыржан) менен иштешип көнүп калгам. 5 жыл аралыгында жакшы иштештик, көптөгөн ийгиликтерди бирге багынттык. “Урушуп кетишиптир” деген кептерге жол бергим келбейт. Бири-бирибизди туура түшүнүшүп, ынтымактуу түрдө чечим кабыл алдык”,- дейт ал.
Ал эми анын продюсери Канат Кадыржан: “Нурлан экөөбүздүн ортобузда алгач 3 жылга, анан 2 жылга келишим түзүлгөн. Экинчи келишимдин мөөнөтү жаз айларында аягына чыкмак. Бирок "жылдын жаңырышы менен өз жолдорубузга түшөлү" деп сүйлөшкөнбүз. Нурлан экөөбүз бирге аткарчу иштер деле жок. 5 жыл аралыгында көп жакшы иштердин күбөсү болдук. 2 ирет Нурландын жеке концертин бердик. Нурлан экөөбүздүн келишим уланбайт”,- дейт. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Комментарийлер(4)
kapo1

12.02.2014. 12:24
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Нурлан Насип аябай талантту бала.талантын оркундой берсин
admin_superstan

12.02.2014. 12:51
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
joomart, коомдук адепке туура келбеген билдирүүңүз үчүн 5 күн БАН!
aitowa11

12.02.2014. 20:35
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мындан ары да ийгилик Нурлан сага
X-peria

13.02.2014. 12:59
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
суротто HongShan паркы го!!!! аябай кооз жер!!! Нурланга болсо ийгилик!!!!
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.