super.kg logo

Март айында Германияда Актан Исабаев менен Ырыскелди Осмонкуловдун чыгармачылык кечеси болот

 
КРнын Эмгек сиңирген артисттери Актан Исабаев менен Ырыскелди Осмонкулов

22-мартта Германиянын Бонн шаарында КРнын Эмгек сиңирген артисттери Ырыскелди Осмонкулов менен Актан Исабаевдин чыгармачылык кечеси орун алат. Бул тууралуу Ырыскелди Осмонкулов бүгүн, 12-февралда SUPER.KG порталына билдирди.   

Анын айтымында, “Nooruz 2014 in Bonn” деген аталыштагы чыгармачылык кечени “Kyrgyz Club Germany” бирикмеси КРнын Германиядагы элчилигинин жана Бонн шаарындагы консулдугунун колдоосу менен уюштуруп жатат. “Чыгармачылык кечеге даярдыкты баштадым. Бардык ырларды жандуу аткарабыз. Чыгымды элчилик көтөрөт экен. Гонорар төлөнүп-төлөнбөсү азырынча белгисиз. Негизи, Берлин шаарында 10 жылдан бери бир тууган эжем жашайт. Ал жакта скрипкада ойноп, бир оркестрдин курамына кирген. Сапар алкагында эжем менен учурашып, апрель айына чейин анын жанында болом. Буюрса, ал дагы концертке келип, мен ырдап жатканда коштоп турат”,- деди ырчы.   

Кошумчалай кетсек, концертте Tim Becktur & Friends Jazz Band жаз тобу да ырдайт. Ага Чехия, Бельгия, Голландия, Австрия, Швейцария, Англия, Италия жана Францияда жашаган кыргыздардын келери күтүлүүдө. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
12.02.2014. 16:21 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
бугун эртен менен Эмил Балтагулов менен акын Женишбек чикагого кетишти.
22.02.2014. 05:41 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Sonun!
05.03.2014. 23:44 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
атакттуубу ушулар кайсы жакшы ырлары учун эмгек синирген деген наамды алышыптыр тушунбоймун булардын ырлары эч хит болгон эмес эле
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: