Билим берүү жана илим министри: “Мектептерге диний сабак киргизүүгө талаш-тартыш күч”
Кыргызстандагы мектептерге дин боюнча сабак киргизүүгө талаш-тартыш күч. Муну парламенттин 12-февралдагы жыйынында билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Айтымында, Дүйнөлүк банк бөлө турган каражатка окуу китептеринин саны көбөйтүлөт. Депутат Турсунбай Бакир уулу: “Мектептерге ыйман сабагын киргизүү боюнча Жогорку Кеңеш токтом чыгарган. Дүйнөлүк банк бере турган акчанын эсебинен диний сабактар боюнча китептер көбөйөбү?”- деп сурады министрден.
Канат Садыков “Дин маданияты жана тарыхы” деген китеп даярдалып жатканын билдирди.
Айта кетсек, Дүйнөлүк банк билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 16,5 миллион доллар бөлөт. Анын 9,1 миллиону насыя, 7,4 миллиону грант түрүндө берилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

