Депутаттар Дүйнөлүк банк бере турган 16 миллион доллардын баарына мектеп курууну сунушташты
Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутаттар Дүйнөлүк банктан алына турган 16,5 миллион доллар акчанын баарына мектеп курууну сунушташты. Депутат Дастан Жумабеков: “Бул акчага ондон ашык мектеп курулмак. Кийинки муун да насыянын натыйжалуу пайдаланылганын айтып жүрүшмөк”,- деди. Башка депутаттар билим берүүнүн сапаты жок болсо, мектеп куруу менен пайда чыкпай турганын айтышты.
Билим берүү жана илим министри Канат Садыков сунуш эске алына турганын билдирди. “3-9-класстын окуучулары үчүн 16 аталыштагы окуу куралдары басылып чыгат. Ага 7 миллион 867 миң доллар жумшалат”,- деди ал.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

