Канат Садыков: “100 миллион сом мектептеги 2 гана класстын окуучуларынын китептерин жаңылоого жетет”
Бюджеттен каралган 100 миллион сомго мектептердеги 2 гана класстын окуучуларынын китептерин жаңылоого жетет. Муну бүгүн, 12-февралда ЖКнын жыйынында билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди. Айтымында, 3 жылдын ичинде мектептерди окуу китептери менен камсыздоо 13 пайызга өстү.
“З жыл мурун мектептерди окуу китептери менен камсыздоо 60 пайызды түзчү, азыр 73 пайызды түзөт”,- деди министр.
Айта кетсек, Дүйнөлүк банк билим берүү тармагын өнүктүрүү үчүн Кыргызстанга 16,5 миллион доллар бөлөт. Анын 9,1 миллиону насыя, 7,4 миллиону грант түрүндө берилмекчи.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

