super.kg logo
  Саясат  

Жогорку Кеңеш: Мектептерде китептин ордуна планшет колдонууга өтүү сунушталууда

 

Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутаттар мектептерде заманбап ыкма менен билим берүүгө өтүү сунушталууда. Айта кетсек, жыйында билим берүү тармагын өнүктүрүүгө Дүйнөлүк банк бөлүп бере турган 16,5 миллион доллар боюнча маселе каралууда. Депутат Дастан Бекешев "бул акча натыйжалуу пайдаланылбайт" деген оюн айтты. 

“Андан көрө мектептерди компьютерлештирүү керек. Окуучуларды планшет менен окутууга өткөрүүгө убакыт келди”,- деди Бекешев.

Турсунбай Бакир уулу да ушул демилгени колдоп: “Грузияга барганда окуучуларын көрүп сугум артты. Баары кызыгуу менен билим алышууда, биз да ушуга өтүшүбүз керек”,- деди.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: