Алжирде аскердик учак кыйроого учурап, 77 адам набыт болду



Алжирдин
Коргоо министрлигинин 12-февралда берген маалыматына ылайык, кыйраган учактагы 78 адамдын 77си мерт болгон. Алардын сөөгү
табылган. Ал эми тирүү калган аскер кызматкери Константина шаарындагы бейтапканада оор
абалда жатат. Бул тууралуу бүгүн, 12-февралда чет
элдик басылмалар жазып чыгышты.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Алгачкы маалыматтарда “кыйроого учураган C-130 Hercules учагынын бортундагы 103 адамдын баары каза
болду” деп айтылган. Таманрассет шаарынан учуп чыгып, Ум-эль-Буахи тоосуна кулап
түшкөн.
Кырсыктын себептери жөнүндө так маалымат жок. Бирок "аба ырайынын
начардыгынан келип чыкты" деген божомолдор айтылууда. Ошол күнү катуу шамал
жүрүп, кар жаап жаткан.
Кырсыкка байланыштуу бийлик 3 күндүк аза күтүү күнүн жарыялады.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
21:07
2025-07-03

Рейтинг:
0

Комментарийлер(2)
kaniet

12.02.2014. 14:26
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
1 тируу калыптыр го.
Aviator

12.02.2014. 16:07
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Аскердик учактын ичинде мынча адам эмне кылып журот. Же жарандык учак болду бекен.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.