super.kg logo
  Саясат  

25-февралда “Манас” аэропортундагы Транзиттик борбордун коопсуздук жана кызматташуу бөлүмү жабылат

 

25-февраль күнү саат 12:45те “Манас” аэропортундагы АКШнын Транзиттик борборунун коопсуздук жана кызматташуу бөлүмүнүн (ККБ) жабылуу жөрөлгөсү өтөт. Бул тууралуу аталган бөлүмдүн басма сөз кызматы маалымдады. Иш-чарага Американын Кыргызстандагы элчиси Памела Спартлен, борбордун коомчулук жана кызматташуу бөлүмүнүн жетекчиси, майор Макс Коберли катышып, расмий сөз сүйлөшөт.

“Транзиттик борбордун ККБ бөлүмү өз миссиясында мектептерди, балдар бакчаларын жана клиникаларды оңдоп-түзөө иштерине корогон 5,4 миллион долларлык гуманитардык жардамды көрсөтүүгө жоопкер болду. Мындан сырткары ККБ Америка менен Кыргызстандын куралдуу күчтөрүнүн ортосунда 223 аскердик тажрыйба алмашуу иш-чараларын уюштурду. Алар медицина кызматкерлери, жардыруу адистери менен учкучтар үчүн тренингдер жана адистик тажрыйба алмашуулар болду. Ошондой эле ККБнын социалдык-маданият тармагы АКШ элчилигинин долбоору болгон "Америкалык бурчтун" 341 иш-чараларына катышып, көптөгөн кыргызстандык жаштарга “Манастагы” Транзиттик борбордо болууга мүмкүнчүлүк түзүп берген”,- деп жазылат маалымдамада.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: