Саламаттыкты сактоо министри: “Ахматбек Келдибековдун ден соолугу канааттандырарлык”
Депутат Ахматбек Келдибековдун операциядан кийинки абалы канааттандырарлык. Муну парламенттин 12-февралдагы жыйынында саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаева билдирди. "Операциялар өтө кылдаттык менен жасалууга тийиш. Бул боюнча профессор Сабырбек Жумабеков өзүнө жоопкерчилик алган",- деди министр.
Эскерте кетсек, ЖКнын жыйынында айрым депутаттар “укук коргоо кызматкерлери Келдибековдун дарыланышына тоскоол болуп, аны СИЗОго алып кеткени жатышат” деп билдиришкен эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

