super.kg logo
  Саясат  

15-февралда “Кыргызстан – тоо-лыжасы менен кышкы эс алуунун мекени-2014” аттуу фестиваль өтөт

 

15-февраль күнү “Тогуз-Булак” лыжа базасында “Кыргызстан – тоо-лыжасы менен кышкы эс алуунун мекени- 2014” аттуу фестиваль өткөрүлөт. Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигине караштуу Туризм департаментинин басма сөз кызматы билдирди. 

Аталган фестиваль 2010-жылдан тартып жыл сайын өткөрүлүп келет. Иш-чаранын максаты - Кыргызстанды кышкы спорттун, туризм жана эс алуунун мекени катары пропагандалоо, кыргызстандык жарандарды сергек жашоого чакыруу. 

Маалыматка ылайык, фестивалдан чогулган бардык каражат калктын алсыз катмарындагы адамдарга жардам берүүгө багытталат. 

Буга чейин аталган иш-чаранын алкагында №1-балдардын кургак учук ооруканасына, “Нурмээайса” балдардын убактылуу жашоочу борборуна, Балдар онкологиялык борборуна, Республикалык кан борборуна, “Боорукердик” балдар үйүнө жана Ош шаарындагы “Алтын уя” балдар үйүнө каражаттар бөлүнгөн.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: