super.kg logo
  Саясат  

Бөдөш Мамырова саламаттыкты сактоо министрине: “Сиз дарылоо мекемесинде 1 күн да иштеген эмессиз, эми кол алдыңызда иштегендерди уят кылып жатасыз”

 

Жогорку Кеңештин 12-февралдагы жыйынында депутат Бөдөш Мамырова саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеваны сынга алды. “Урматтуу министр, сиз 1 күн да дарылоо мекемесинде иштеген эмессиз, статистика менен гана алектенип жүргөнсүз. "Бир карын майды бир кумалак чиритет" дегендей, эми минтип кол алдыңыздагы дарыгерлерди ыңгайсыз абалда калтырып отурасыз. Прокуратурадан чалса, “Келдибековду дарылап жаткан Сабырбек Жумабеков сыяктуу дүйнөгө белгилүү дарыгерлер бар. Ооруканадан качан чыгарууга боло турганын ошолор чечет. Алар макул болгондон кийин каалаганча тергөө жүргүзө бергиле" дешиңиз керек эле”,- деди депутат.

Айта кетсек, парламентте бүгүн эртең менен депутаттар “Саламаттыкты сактоо министрлигинин комиссиясы “Келдибековдун ден соолугу жакшы, СИЗОго алып кетүүгө болот” деп чечим чыгарыптыр. Эми депутатты ооруп жатканына карабай СИЗОго алып кеткени жатышат” деп билдиришкен эле.

Саламаттыкты сактоо министри андай чечим чыкпаганын билдирди. Айтымында, Келдибековду УКМКнын ооруканасына которууга боло тургандыгы жөнүндө чечим чыккан.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: