super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Пенсия үчүн маянадан кармап калуучу төгүмдөн баш тартса болобу?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Иштеп жаткан пенсионерлердин пенсиясына жылдык айлыктан үстөк чегерүү туура эмес. Эсептөөнү өзгөртүү керек деп ойлойм. Пенсия көбөйсүн деп иштесең, олчойгон акчаны кармап калып, болбогон нерсе кошулат. Иштеп жүрүп дагы пенсияны көбөйтө албай, 40 жылдан ашуун эмгектенип тапканыбыз 3-4 миң болуп калат экен. Учурда иштегендердин айлыгынан пенсияга кармап калуу зордук-зомбулукка жатпайбы? Өз ыктыяры менен баш тартса болобу? Кандай жолдору бар? Суроо калтырган 514947а

Жооп: - Соцфонддун аткарып жаткан иштеринде атайын белгиленген эң жөнөкөй принцип бар. Ар бир камсыздандыруу төгүмдөрүн чегерген (төлөгөн) жарандын каражаттарын экинчи бир адамдын жеке эсебине которуу же болбосо мамлекет өзүнө менчиктеп алат деген түшүнүктөн оолак болуу керек. 

Демек, ар бир жаран канча каражат төлөсө, келечекте ошончо белгиленген суммадагы пенсияны ала алат. Буга мамлекет кепилдик берет. 

А бирок жогоруда атап өткөндөй, "Ыктыярдуу баш тартса болобу?" деген сиздин сурооңузга жооп катары: КР «Мамлекеттик социалдык пенсия менен камсыздоо» жөнүндөгү мыйзамда "ар бир жаран камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөө милдеттүү" деп жазылган. Кошумчалай кетүүчү нерсе, эркектер 63 жаш курагында 25 жылдык стаж, аялдар 58 жашында 20 жыл стажы менен пенсияга чыгышат.

Суроого КРнын Социалдык фондунун басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Нурбек Жанарбекович жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: