super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт жооп берет: Пенсияга эрте чыгуу үчүн алдын ала Социалдык фондго төгүм төлөсө болобу?

 

Урматтуу колдонуучу, сизде өкмөткө, ага тиешелүү министрликтерге берилүүчү суроолор жана чечилбеген маселелер барбы? Анда «Суперстандагы» «Өкмөт жооп берет» бөлүмүнө суроолоруңузду калтырыңыз. Суроолоруңузга тиешелүү тармактардын адистеринен жооп алып берүүгө даярбыз.

Суроо: - Жакын таанышымдын жашы 52де. Учурда иштебейт. Анын эмгек стажы аз, кантип пенсияга чыкса болот? Пенсия курагына жеткенче өз алдынча Социалдык фондго төлөп же акыркы беш жылдык үчүн азыр төлөсө болобу? Суроо калтырган tokmok.93

Жооп: - Эгер аял киши болсоңуз, анда сиз 58 жаштан пенсияга чыга аласыз жана ал үчүн 20 жыл эмгек стажыңыз болуу керек. Ал эми эркектер үчүн 63 жаштан белгиленген. Ооба, пенсия курагына жеткенче жаран өз ыктыяры менен Социалдык фондго жер үлүшүнөн камсыздандыруу төгүмдөрүн төлөсө болот. Ал эмгек стажы катары кошулуп эсептелет. Ал эми учурда иштебеген күндө да акыркы беш жылдык стажды алдын ала төлөп койсо, албетте, жакшы болот. Келечекте өзүңүзгө пенсия катары кайтарылып берилет.

Суроого КРнын Социалдык фондунун басма сөз бөлүмүнүн кызматкери Нурбек Жанарбекович жооп берди.

Эгер сизде да суроолор болсо, анда "Өкмөт жооп берет" бөлүмүнө кириңиз.

 

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: