super.kg logo
  Саясат  

Ооган согушунун ардагерлери Жогорку Кеңештин Ардак грамотасы менен сыйланышты

 

Вице-спикер Төрөбай Зулпукаров баштаган депутаттар 12-февралда советтик куралдуу күчтөрдүн  Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгына арналган салтанаттуу иш-чарага катышты. Бишкектеги Улуттук филармонияда өткөн жыйында согушта курман болгондор эскерилди.

Зулпукаров Ооган согушунун катышуучуларына жана ардагерлерине мамлекет алдындагы баатырдыгы, каармандыктары үчүн ыраазычылык билдирди жана бир катар ардагерлерге Жогорку Кеңештин Ардак грамотасын тапшырды. Жогорку Кеңештин сыйлыгына төмөнкү ардагерлер ээ болушту:

Келдибек Абдылдаев – Ооган согушунун ардагерлеринин Ат-Башы райондук кеңешинин төрагасы

Айдар Дыйканбаев – Ооган согушунун ардагерлеринин координациялык кеңешинин мүчөсү

Калдарбай Кадыров – Ооган согушунун ардагерлеринин Базар-Коргон райондук кеңешинин төрагасы 

Чолпонбек Кожонов - Ооган согушунун ардагерлеринин координациялык кеңешинин мүчөсү

Таалайбек Мамытбеков – Ооган согушунун ардагерлеринин Бишкек шаарынын Биринчи Май райондук кеңешинин төрагасы

Орозбай Ражапов – Ооган согушунун ардагерлеринин Кара-Суу райондук кеңешинин төрагасы

Мухтар Тохтакунов – Ооган согушунун ардагерлеринин координациялык кеңешинин мүчөсү






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: