super.kg logo
  Спорт  

“Сочи-2014”. Алтын медалдардын санын 6га жеткирген Германия командалык эсепте алдыга чыкты (13-февралга карата)

 
Орусиянын эсебине 2-алтын медаль алып келген Татьяна Волосожар жана Максим Траньков жуптугу.

Кечээ, 12-февралда “Сочи-2014” Кышкы Олимпиадасында командалык эсепте орун алмашуулар болду. Бул күнү эсебине 2 алтын, 1 коло медаль жаза алган Германия курама командасы алдыга чыкты.  

Оюндардын расмий сайтында кабарлангандай, германиялык спортчулар чана спортунда 2 алтын жана муз үстүндө бийлөөдө коло медалга ээ болушту. 2-орунда келаткан Канада 12-февралда 1 гана коло медалга ээ болуп, медалдарынын санын 10го жеткирди.

Ал эми мелдешти өз үйүндө кабыл алып жаткан Орусия курама командасынын спортчулары муз үстүндө бийлөөдө 1 алтын (Татьяна Волосожар жана Максим Траньков жуптугу), 1 күмүш медаль (Федор Климов жана Ксения Столбова жуптугу) утушту.  

Командалык эсеп:

1. Германия – 8 медаль (6 алтын, 1 күмүш, 1 коло)

2. Канада – 10 медаль (4 алтын, 4 күмүш, 2 коло)

3. Норвегия – 12 медаль (4 алтын, 3 күмүш, 5 коло)

4. Голландия – 10 медаль (4 алтын, 2 күмүш, 4 коло)

5. АКШ – 9 медаль (3 алтын, 1 күмүш, 5 коло)

6. Швейцария – 4 медаль (3 алтын, 1 коло)

7. Орусия – 9 медаль (2 алтын, 4 күмүш, 3 коло) 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(3)
13.02.2014. 10:32 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кыргызстандык спортчу качан чыгат.
13.02.2014. 11:26 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Bodibilding, Кыргызстандык Болду чыкпай калды ТИЗЕСи оруп калыптыр. ОКУНУЧту
13.02.2014. 16:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
acer11 чыгат екен башка жигит 19 жашта екен 16 февральда
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: