Кыргызстандагы массалык маалымат каражаттары сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк тизмеде 9 орун алдыга жылып, 97-орунга көтөрүлүштү
“Чек арасыз кабарчылар” (“Репортёры без границ”) Эл аралык уюму 12-февралда “ММКлардын сөз эркиндиги боюнча дүйнөлүк тизмесинде 2013-жылдын февраль айындагы көрсөткүчкө салыштырмалуу Кыргызстан 106дан 97-орунга көтөрүлдү” деп жарыялады.
Маалыматка ылайык, аталган тизмеге 180 өлкө кирди. Биринчи орундарды европалык мамлекеттер Финляндия, Голландия жана Норвегия ээлешти. Акыркы орундарда Түркмөнстан, Түндүк Корея жана африкалык Эритрея жайгашышты. Орусия жана Казакстан 148, 161-орундарда турушат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

