super.kg logo
  Спорт  

“Сочи-2014”. Бүгүн, 13-февралда 6 комплект медаль ойнотулат

 
Скелетон спорту боюнча жарыштардын алгачкы күнүндө 2 жарышка старт берилет.

Бүгүн, 13-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында 6 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, тоо-лыжа спорту, кёрлинг, лыжа менен кош жарыш, чана спорту, коньки тээп ылдамдыкка чуркоо, сноуборд, муз үстүндө бийлөө жана хоккей спорттору боюнча таймаш болот. Бул күнү хоккей жана кёрлингден тышкаркы 6 спорт түрүнөн медалдар ойнотулат.

Биатлон (Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат. Уландар арасында жекеликте 20 чакырым аралыкка жарыш).   

Кёрлинг (11:00. Кыз-келиндер жана уландар арасында 5-6-сессиялардагы беттештер орун алат. 11 беттеш болот).

Лыжа менен жарыш (Жарыш 16:00дө башталат. Кыз-келиндер классикалык стилде 10 чакырым аралыкка жарышат).   

Чана спорту (22:15. Эстафета).

Скелетон спорту (1-жарыш 13:30да, 2-жарыштар 14:40та башталат. Кыз-келиндер арасында)

Коньки тээп ылдамдыкка чуркоо (20:00. Кыз-келиндер арасында 1000 метрликте).

Муз үстүндө бийлөө (21:00. Уландар арасында кыска программа).  

Фристайл (Слоупстайл стилинде уландар арасында тандап алуу туру 12:15те, финал 15:30да орун алат).

Хоккей ( “А” жана “В” тайпаларында 6 оюн орун алат. 14:00, 18:30, 23:00).

Коньки тээп кыска аралыкка жарышуу (16:00 – Кыз-келиндер арасында 500 метрликте чейрек финал орун алат. 16:25 – Уландар арасында 1000 метрлик. 17:10 - Кыз-келиндер арасында 500 метрликте жарым финал. 17:31 – Уландар арасында 5000 метрликте эстафета, жарым финал. 18:05 - Кыз-келиндер арасында 500 метрликте финал). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(5)
13.02.2014. 10:28 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жүгүртмөсү берилгенден кийин медалисттерин жазбайсынарбы??...ким алтын..ким кумуш??..аларын жазбагандан кийин муну берип не??
13.02.2014. 10:40 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кыргызстандан барган спортчу качан чыгат?
13.02.2014. 11:12 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lusi2013, катышпай калды, тизесинен жаракат алганына байланыштуу(((
13.02.2014. 11:15 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lusi2013, Тилекке каршы травма алып калып, чыкпай калды
13.02.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
lusi2013, Дмитрий Трелевскийдин ордуна , Евгений Тимофеев катышмай болду
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: