super.kg logo
  Саясат  

Кудайберген Базарбаев эл аралык уюм менен социалдык жатаканалардын курулушун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү

 

Социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев "Ротари Интернешнлдин" өкүлү Геркан Олгунтурк менен социалдык жатаканалардын курулушун каржылоо боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу 13-февралда мекеменин басма сөз кызматы билдирди. 

Жолугушуу учурунда министр интернатта тарбияланган балдар үчүн жатаканаларды Кыргызстандагы ар бир облуска куруу зарыл экенин айтты. Аны менен катар Кароосуз калган балдарды реабилитациялоо борборунун базасында курулган турак үй тууралуу айтып өттү.  

Эл аралык уюмдун өкүлү бул багыттагы долбоорду “Бишкек ротари клуб” ишке ашырышын белгилеп, мындай курулуштар кымбат болгондуктан, “Ротаринин” башка өкүлчүлүктөрүнө кайрыларын кошумчалады. 

“Азыркы тапта дүйнө жүзү боюнча 1,2 миллион адам "Ротариге" мүчө болуп келет. Алардын ичинде ишкерлер, кайрымдуулук менен алектенген коомдук уюмдар бар. Бишкектеги өкүлчүлүктөр интернаттын бүтүрүүчүлөрүнө жардам берет деп ишенем”,- деди Геркан Олгунтурк.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: