super.kg logo
  Саясат  

Ош. Экс-президент Роза Отунбаева жайлоолорго бала бакча ачуу сунушун киргизди

 

Бүгүн, 13-февралда өкмөттүн Ош облусундагы өкүлчүлүгүнүн имаратында экс-президент Роза Отунбаева, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Улан Примов жана Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн орун басары Ахматжан Махаммадовдун катышуусунда жыйын өтүп жатат.

Анда экс-президент Роза Отунбаева Ош облусуна караштуу райондордогу жайлоолорго бала бакча ачууну сунуштады. 

“Кыргызстандын 65 пайызын айыл тургундары түзөт. Айыл чарба багытындагы жерлердин 100 пайызынын ичинен 86 пайызы жайыттар, аларда жайыттарды пайдалануучулар – малчылар үй-бүлөлөрү менен иштешет. Чабандардын үй-бүлөлөрү кичинекей балдары менен бирге жылына 3 айдан 5 айга чейин, көбүнчө майдан тартып октябрга чейин жайыттарда болот. Көпчүлүк чабандардын мектепке чейинки курактагы балдарынын мектепке даярданууга мүмкүнчүлүгү жок, ал эми мектеп курагындагы балдар алган билимдерин жана жөндөмдөрүн бул убакыттын ичинде унутуп коюшат, анткени аларды жайында бекемдөөгө мүмкүнчүлүгү жок”,- деди Отунбаева.

Ошондой эле балдардын тамактануусу начар болсо өспөй каларын кошумчалады.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: