super.kg logo
  Саясат  

Асылбек Жээнбеков “журналисттерди оңдой берип чарчадык” дейт

 

Парламенттин 13-февралдагы жыйынында депутат Турсунбай Бакир уулу айрым журналисттердин ислам дини боюнча туура эмес маалымат берип жатканын айтып, аларга чара көрүүнү айтып чыкты. Жыйында депутат Асия Сасыкбаева да өзүнүн айткан сөзү бурмаланып жарыяланып кеткенин билдирди. Бул боюнча төрага Асылбек Жээнбеков буларды айтты:

“Сындарды көтөрө билиш керек экен да. Биз жөнүндө да канча жалгандар жазылууда, журналисттерди оңдой берип чарчадык. Бир эле мисал айтайын. “Спикер жаңы жылдык корпоративдик кечелерди өткөрүүгө тыюу салды” деп жазып чыгышты. Тобо кылдым. Мен Жаңы жылды мамлекеттик майрам катары сыйлайм. Жаран катары бул майрамды үй-бүлөм менен жылда тосом. Мен корпоративдик кечелерди мамлекеттик казынанын эсебинен өткөрүүгө тыюу салдым. Башка мекемелерге да үлгү бололу дедик. Буга чейин мамлекеттик казынанын эсебинен өткөрүлүп жүргөн экен. Мындай кечелерди өзүбүздүн акчабызга өткөрө берели, ага эч ким тыюу салбайт. Урматтуу журналисттер, туура маалыматты жазгыла. Кайрылсаңар жооп беребиз. Сиздер бар үчүн ачыктык-айкындык бар. Биз ачыкпыз”.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: