super.kg logo
  Саясат  

Төрт жылдан бери талаадагы жер төлөдө жашап жүргөн үй-бүлө (фоторепортаж)

 
Узуну 4, туурасы 2 чарчы метр болгон жер төлөдө 4 адам күн кечиришүүдө.
Үй-бүлө бул жерде өздөрүнө, сыртта багылган 3 ит, 2 күчүккө жана 1 мышыкка тамак даярдайт.
Сууну Ленин айылынан ташып келишет.
Жер төлөнүн кожойкеси Марина "Эл бизге жардам берет. Алар эмне иш кылып бербейли, алдабай акчабызды берип, тамак-аштан кайрылышып турушат" деп азык-түлүк сактаган баштыктарын көрсөттү.
Электр жарыгы берилбегендиктен, шам жагып түн кечиришет.
Жер төлөнүн дубал кошуп жасап алган алдыңкы бөлүгү ушундай көрүнүштө.
Маша - Николайдын жакын досу жана эрмеги.
Бул жерде Марина, курбусу Нурия жана уулу Николай бирге укташат.
Үй ээси Александр: "Темир мешимди абайлап жагам. Эгер ашырып ийсем, үй Ташкент болуп кетет",- деп жылмайды.
Үй-бүлөнүн уктоочу жайы
Үйдүн эркеси Николай жана мышыгы Маша. "Алар дайым бирге жүрүшөт",- дейт апасы.
Александр кире бериштеги бул жайда уктайт.
Айланып эшигинин алдына чейин келмейинче байкабаган адамга жер төлө көрүнбөйт.
Бул жерди айылдын мергенчилер бирикмесинин кызматкерлери жолбун иттерди атып жүрүп байкашып, укук коргоо органдарына кабарлашкан.
Нурия Лебедева учурда үй-жайсыз болгондуктан, курбусу Маринанын үй-бүлөсү менен бирге жашайт.
Короого 3 итти 2 күчүгү менен бирге багышат.
"Бизге бул жер жагат. Үйүбүз жылуу. Балабызды алып кетип балдар үйүнө берип салышабы деп коркуп, жашырынып жүрчүбүз",- дейт үй ээси.
Учурда үй-бүлөнүн маселесин кароону социалдык жактан колдоого алуучулар атайын комиссия түзүп колго алышууда.
Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы жер төлөдө жашап жаткан үй-бүлө тууралуу маалымдаган. Жер төлө аталган облуска караштуу Аламүдүн районундагы Ленин айыл өкмөтүнүн аймагында негизги жолдон алысыраак жерде жайгашкан экен. 
Алар жерди казып, ачык калган бөлүгүнө ылайдан дубал тургузуп, 2 бөлмөлүү үй кылып алып 4 жылдан бери күн кечирип келишкен. Үй ээси 39 жаштагы Александр ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген. Ал эми жубайы Марина 41 жашта. Булар менен бирге үйдө алардын 6 жаштагы Николай аттуу уулу жана Маринанын курбусу Нурия да жашайт. 
Жер төлөдө жашап калганга чейин Ленин айылындагы Маринанын бир тууган эжесинин үйүндө баш калкалап келишкен. Ортодогу пикир келишпестиктен булардын үй-бүлөсү өзүнчө бөлүнүп кетүүгө мажбур болгон. 
Учурда Калкты социалдык коргоого алуу бөлүмү, Жашы жете элек балдар менен иш алып баруу инспекциясы, укук коргоо органдары жана жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу структурасынын кызматкерлери иш алып барышып, кичинекей Николайды мамлекеттин камкордугуна алууну сүйлөшүп жатышат.





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг -1 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: