super.kg logo
  Саясат  

Көчө иттери короодогу 8 койго карышкырдай кол салып, тамактап, 2 койду алкымынан тиштеп салган (фоторепортаж)

Жолбун иттер үй ээсинин 7 кой, 1 козусун жарып, 2 коюн тамактап салган.
5 койду тирүүсүндө адалдап койгонун айтат мал ээси.
Иттер жарып салган козу
Жолбун иттер үй ээсинин 7 кой, 1 козусун жарып, 2 коюн тамактап кеткен.
Учурда малга кол салган 2 итти кармашып, текшерүүнүн жыйынтыгын күтүп жатышат.
Жолбун иттер үй ээсинин 7 кой, 1 козусун жарып, 2 коюн тамактап кеткен.
Текшерүүнүн жыйынтыгында иттердин канынан кутурманын таякчалары табылса, иттер тиш салган башка тирүү койлор да жок кылынат.

Чүй облусуна караштуу Аламүдүн районундагы Ленин айылында жолбун иттердин короодогу малга кол салуу фактысы катталды. Бүгүн, 13-февралда аталган айылдын тургуну Абдырасул Аматов укук коргоо органдарына окуя тууралуу кабарлаган. 

Аматовдун короосунда эки ит 7 койго жана 1 козуга кол салып, тамактап, 2 койдун алкымын тиштеп алганы белгилүү болду. Мал ээси эки итти үй-бүлөсүнүн жардамы менен торго камаганга жетишкен. 

Учурда бул окуя боюнча Мамлекеттик мергенчилик бирикмесинен өкүлдөр жана ветеринарлар иш алып барышууда. А.Аматов 5 коюн тирүү кезинде адалдап койгон. Эгерде ветеринарлар иттердин канынан кутурма оорусунун таякчаларын табышса, анда өлгөн койлор менен кошо тиштелген тирүү койлорду да жок кылышат. 

Жергиликтүү жашоочулардын айтымында, мындан 2 жума мурун коңшу короодон белгисиз иттер 12 койду жарып кеткен.  

Иттер короодогу койлорго карышкырдай кол салган

Автор: Динара Абдыкадырова
Оператор: Азамат Бакиров
 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.

 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: