“Сочи-2014”. Жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ордуна Евгений Тимофеев аттанмай болду

Кечээ, 12-февралда жаракат алган Дмитрий Трелевскийдин ордуна “Сочи-2014” Олимпиадасына Евгений Тимофеев катышмай болду. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Улуттук Олимпиада комитетинин башкы катчысы Канат Аманкулов билдирди.
“Бүгүн, 13-февралда КРнын Улуттук Олимпиада комитетинин президенти Мурат Саралинов Эл аралык Олимпиада комитетинин президенти менен жана Тоо-лыжа спорту боюнча эл аралык федерациянын президенти менен жолугуп, чечим кабыл алышты.Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында жаракат
алган Дмитрий Трелевскийдин ордуна кыргызстандык спортчу Евгений Тимофеев “Сочи-2014”
Олимпиадасына катышмай болду.
Евгений эртең, 14-февраль күнү кечинде учуп
келет. Ал 19-февралда жана 22-февралда тоо-лыжа спортунун слалом жана
супергигант түрлөрүнөн мелдешке катышат. Бул расмий түрдө бекитилди”,- дейт
Канат Аманкулов өз сөзүндө.
Кошумчалай кетсек, 19 жаштагы Евгений Тимофеев Олимпиаданын нормативин толтурган. Бирок Эл аралык Олимпиада комитети тарабынан Кыргызстанга 1 гана орун берилгендиктен, Олимпиадага мыкты көрсөткүч ээси катары Дмитрий Трелевский аттанган эле.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

http://www.super.kg/kabar/news/50799/