super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад шаарында аялдар кеңешинин катышуусунда тегерек стол болуп өттү

 

Кечээ, 12-февралда Жалал-Абад шаардык мэриясынын кичи жыйындар залында аялдар кеңешинин катышуусунда тегерек стол болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди. Иш-чаранын максаты - чет мамлекеттерге чыгып жаткан ишкер аялдарды колдоо. Анда банк кызматкерлери менен биргеликте мындан ары да тегерек стол өткөрүү маселеси каралды.

“Биз жылына 5 жолу чогулуп, ар кандай маселелерди талкуулайбыз. Негизи, максатыбыз - ишкер аялдарга ар тараптан колдоо көрсөтүү. Мисалы, кол өнөрчүлүгү менен Америкага барган аялдар бар, өз күчү менен китеп чыгарып жаткандар жок эмес. Ошол себептен банк кызматкерлери менен биргеликте тегерек стол уюштуруп, алардын да сунушун угуп, мындан ары биргеликте иштешүү жана насыя алуу, аны пайдалануу боюнча да кеңештерин уктук”,- деди Жалал-Абад шаардык аялдар кеңешинин төрайымы Турдукан Аманова.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: