super.kg logo
  Саясат  

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы: Мектептерде 14-Февраль - Сүйүү күнүн белгилөөгө убакыт жок

 

Мектептерде 14-Февраль - Сүйүү күнүн белгилөөгө убакыт жок. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын башчысы Куштарбек Кимсанов билдирди.

Ал өз сөзүндө Сүйүү күнүн белгилөөнүн ордуна окуучулар үчүн пайдалуу иш-чаралар өткөрүлөрүн белгилеп өттү.

"Советтер Союзунун жоокерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгына быйыл 25 жыл болду. Буга байланыштуу шаарда чоң салтанат белгиленгени турат. Ошого биз мектептерде 14-15-февраль күндөрү жолугушуу уюштуруп, Ооган согушуна катышкан ардагерлерибизди чакырып, салтанаттуу азем өткөрүүнү пландап жатабыз. Ал эми Сүйүү күнүн өткөзүүгө бизде убакыт жок",- деди Кимсанов.

 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 2 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: