super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абад. Китепканаларда интернет окуу борборлору түзүлөт

 
Семинардын катышуучулары
Семинардын катышуучулары

Бүгүн, 13-февралда Жалал-Абад облустук китепканасында аймактагы китепкана кызматкерлери жолугушту. Анда айыл жерлериндеги китепканаларга интернет-китепкана окуу борборун түзүү керектиги талкууга алынды. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди. 

Учурда интернет колдонуучуларынын саны күндөн-күнгө көбөйүп, акыркы убакта китеп окуган окурмандар азайганына басым жасалды. 2014-жылы облус боюнча 100дөн ашуун китепканага интернет орнотулуп калса, кийинки жылдан тартып калган китепканаларда колдонуучуларга заманбап шарттар түзүлөрү айтылды. 

Катышуучулар электрондук маалымат алмашуу китепкана кызматкерлеринин кесиптик билимин жогорулатарын жана ишти жеңилдетерин баса белгилешти. 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: