Ош. Студенттер арасында "Мекеним - алтын бешигим" аттуу поэзия сынагы старт алды
Ош мамлекеттик социалдык университетинин 20 жылдык мааракесине жана 23-Февраль - Ата Мекенди коргоочулардын күнүнө карата студенттер аралык жаш калемгерлердин "Мекеним - алтын бешигим" аттуу кароо-сынагы старт алды. Бул тууралуу бүгүн, 13-февралда окуу жайдын басма сөз катчысы Арген Нуров билдирди.
Иш-чаранын максаты - студенттердин туулган жерге, Ата Мекенге болгон сүйүүсүн, мекенчил сезимдерин күчөтүү. Кароо-сынактын 1-бөлүгү 11-февралдан 17-февралга чейин өткөрүлүп, калыстар тобу тарабынан алдынкы орунду ээлеген 3 катышуучу сынактын 2-бөлүгүнө жолдомо алышат. Ал эми жыйынтыктоочу 2-бөлүгү 17-февралдан 21-февралга чейин өтөт. Жеңүүчүлөр баалуу белектер менен сыйланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.