Бүгүн саат 00:00дөн 04:00гө чейин Бишкек шаарынын 6-кичи районунда электр жарыгы өчүрүлөт
13-февралдан 14-февралга караган түнү саат 00:00дөн 04:00гө чейин Бишкек шаарынын 6-кичи районунда электр жарыгы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасы билдирди.
Маалыматка караганда, жарыктын өчүрүлүшү жогорку чыңалуудагы “Абдыкалыков” трансформаторун оңдоо иштерине байланыштуу.
Ошондой эле 14-февралда саат 09:00дөн 17:00гө чейин Аламүдүн районундагы Беш-Күнгөй, Октябрь айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

