super.kg logo
  Саясат  

Өкмөт башчы Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясынын ишине баа берүүдө ошол учурдагы кырдаалды эске алууну депутаттардан өтүндү  

 

“Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү боюнча мамлекеттик дирекциянын иши боюнча чечим кабыл аларда ошол учурдагы (Июнь окуясы учурундагы) кырдаалды эске алуу менен добуш берсеңер”,- деди депутаттарга өкмөт башчы Жантөрө Сатыбалдиев. Айтымында, дирекциянын башчылыгына оор абалда келген.

“Убактылуу өкмөттүн башчысы Роза Отунбаева “дирекция түзүп жатабыз, оор кырдаалда жардам бер” деп сунуш кылды. Мен Ошто жүргөм, ойлонууга 1 күн убакыт сурасам, 1 саат гана убакыт берди. 1 сааттан кийин чалып, Бишкекке чакырды. Келсем “ишти эрте баштайсың” деди. Ал учурда Ошто Убактылуу өкмөттүн бийлиги жок болчу”,- дейт Сатыбалдиев.

Айта кетсек, жыйында аталган дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссиянын иш жыйынтыгы каралууда. Мекемени убагында азыркы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев башкарып турган.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: