Депутаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы каражатты атайын фонд аркылуу колдонбогонун айтышты
Жогорку Кеңештин жыйынында депутаттар Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү дирекциясы каражаттын баарын атайын фонд аркылуу эмес, башка жолдор менен колдонгонун айтышты. Муну дирекциянын мурдагы башчысы, учурдагы премьер-министр Жантөрө Сатыбалдиев моюнга алды.
“Түшкөн каражаттардын баарын дирекциянын фонду аркылуу өткөрүүгө мүмкүн болгон жок. Буга баары эле макул болушкан эмес. Мисалы, Азия өнүктүрүү банкы түз каржылай турганын билдирди. Алар макул болбосо, мажбурлай албайбыз”,- деди Сатыбалдиев.
Премьер-министр дирекциянын иши боюнча жоопкерчилик сезе турганын билдирди.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

