Анвар Артыков депутаттарды Ош шаарына барып, Июнь окуясынан кийин курулган үйлөрдүн абалын көрүүгө чакырды
Жогорку Кеңештин 13-февралдагы жыйынында депутат Анвар Артыков
депутаттарды Ош шаарына барып, Ош жана Жалал-Абад шаарларын калыбына келтирүү
дирекциясы курган үйлөрдүн абалын көрүүгө чакырды. “Депутаттар үйлөр кандай абалда экенин көрүшсүн. Терезелери
ачылбай, эшиктери кыйшайып турат”,- деди Артыков. Муну бир катар депутаттар колдошту.
Автор: Автандил Добулбеков
Айта кетсек, аталган дирекцияны убагында азыркы өкмөт башчы Жантөрө
Сатыбалдиев жетектеп турган. Дирекциянын ишин иликтеген депутаттык комиссия мекемеде
көптөгөн мыйзам бузуулар болгонун айтышты. Суроо-жооп
парламентте кийинки аптада уланат.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

