Темир Бирназаровдун “Кумар” тасмасы кинематографиялык “Ника” сыйлыгына көрсөтүлдү
Режиссёр Темир Бирназаровдун “Кумар”
тасмасы Грузия, Латвия, Литва, Эстония жана КМШ өлкөлөрүнүн мыкты тасмаларынын катарында Улуттук
кинематографиялык “Ника” сыйлыгына көрсөтүлдү. Бул тууралуу кечээ, 13-февралда КРнын Орусиядагы элчилигинен билдиришти. Маалыматка
ылайык, аталган сыйлыкка “Хайтарма” (Украина), “Туурасынан кеткен жолдогу капитализм”
(Латвия) жана “Экскурсияга катышуучу” (Литва) тасмалары көрсөтүлдү.
Автор: Нургазы Аматов
Белгилей кетсек,
Бирназаровдун “Кумар” тасмасында
70 жаштагы мамлекеттик кызматкер менен 18 жаштагы кыздын ортосундагы сүйүү чагылдырылат. Башкы ролдордо Артык Сүйүндүков, Калипа Үсөнова
жана Дария Хусейнова ойношот.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
Рейтинг:
0

Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.