super.kg logo
  Спорт  

“Сочи-2014”. Бүгүн, 14-февралда 6 комплект медаль ойнотулат

 
Хоккей оюну

Бүгүн, 14-февралда “Сочи-2014” Олимпиадасында 6 комплект медаль ойнотулат. Бул тууралуу Олимпиаданын расмий сайты билдирет.

Маалыматка ылайык, медалдар биатлон, тоо-лыжа спорту, лыжа менен жарышуу, скелетон, муз үстүндө бийлөө, фристайл спорт түрлөрүнөн ойнотулат. Андан тышканы бул күнү хоккей, лыжа менен трамплинден секирүү жана кёрлинг спорттору боюнча жарыштар өткөрүлөт.   

Биатлон (Бишкек убактысы боюнча 20:00дө башталат. Уландар арасында жекеликте 20 чакырым аралыкка жарыш).

Тоо-лыжа спорту (17:30. Слалом түрү боюнча уландар арасындагы жарыш)

Кёрлинг (11:00. Кыз-келиндер жана уландар арасында 7-8-сессиялардагы беттештер орун алат. Жалпы 11 беттеш).

Лыжа менен жарышуу (16:00. Уландар арасында классикалык стилде 15 чакырым).

Лыжа менен трамплинден секирүү (23:30. Уландар арасында жарыштар өтөт).      

Скелетон спорту (18:30да уландар арасында биринчи жарышка, 20:00дө экинчи жарышка старт берилет. Кыз-келиндер арасында 3-жарыш 21:40та, 4-жарыш 22:50дө башталат).  

Муз үстүндө бийлөө (21:00. Уландар арасында эркин бийлөө).    

Фристайл (19:45. Кыз-келиндер арасында тандап алуу оюндары жана финалдык оюндар).  

Хоккей (“В” жана “С” тайпаларында 6 оюн орун алат. 14:00дө Чехия-Латвия, 18:30дө Швеция-Швейцария. 23:00дө Норвегия-Финляндия, Канада-Австрия беттештери башталат). 






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(2)
14.02.2014. 11:24 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
то есть озу уруп алып шайбаны оздору кубалап журо беришет
Модератор admin_superstan түзөттү 14.02.2014 11:44
14.02.2014. 11:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Adilet2014, кимдир бирөөнү мазактоого, кемсинтүүгө болбойт! 3 күн БАН!
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: