“Сочи-2014”. Евгений Плющенко жаракаттан улам карьерасын жыйынтыктады
Мекендештери "Сочи-2014" Олимпиадасында Плющенко мурунку калыбына кайтып келип, жекеликте чемпион аталарынан үмүттөнүшкөн. Бирок ал Олимпиада пьедесталына команда менен гана чыга алды.


Мекендештери "Сочи-2014" Олимпиадасында Плющенко мурунку калыбына кайтып келип, жекеликте чемпион аталарынан үмүттөнүшкөн. Бирок ал Олимпиада пьедесталына команда менен гана чыга алды.

Муз үстүндө бийлөө боюнча Олимпиада оюндарынын 2 жолку чемпиону (2006, 2014), 2 жолу күмүш медалга ээ болгон орусиялык Евгений Плющенко алган жаракатынан улам карьерасын жыйынтыктады. Бул тууралуу 13-февраль күнү “Сочи-2014” Олимпиадасынын расмий сайты кабарлады.
Маалыматка ылайык, ал кечээ, 13-февралда муз аянтчасында жекеликте өнөрүн көргөзмөк. Бирок даярдык учурунда далысындагы жаракатын козгоп алгандыгы үчүн оюндарга чыга алган жок жана расмий түрдө карьерасын жыйынтыктаганын жар салды. “Мындан ары бул спорт түрү менен алектенүү үчүн жашым туура келет. Бирок буга чейин мага 12 операция жасалганын эске алып, карьерамды жыйыштырдым”,- деп билдирди 31 жаштагы спортчу.
Эске салсак, Евгений Плющенко “Сочи-2014” Олимпиадасында муз үстүндө бийлөөдө командалык жарыштарда Орусиянын эсебине биринчи алтын медалды алып келүүгө активдүү катышкан. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
-1

Комментарийлер(2)
clever777

14.02.2014. 11:01
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Окунучтуу
DNurgiza

14.02.2014. 11:56
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Коп эле ийгиликтерге жетишти, эми тренер болушу мумкун.
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.