super.kg logo
  Саясат  

Кудайберген Базарбаев: "Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү 500 сомго чейин жогорулатылды"

 

Аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө ай сайын берилүүчү жөлөк пулдун өлчөмү 500 сомго чейин жогорулатылды. Бул тууралуу социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди.

Анын айтымында, 2011-жылы мамлекет тарабынан кепилденген жөлөк пулдун өлчөмү 370 сомду түзсө, 2013-жылдын 1-ноябрынан тартып 640 сомго чейин көтөрүлгөн.

“Мындай жогорулатуу аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө жакшы көмөк болот деп ишенем. Биз
жөлөк пулду көбөйтүп гана тим болбостон, алардын даректүү жетүүсүнө өзгөчө басым жасап жатабыз. Балдары бар, аз камсыз болгон үй-бүлөлөрдүн саны 2012-жылга салыштырмалуу 2,1 пайыз төмөндөгөн”
, - деди министр Кудайберген Базарбаев.

Айта кетсек, бүгүн, 14-февралда КРнын Социалдык өнүгүү министрлигинин коллегиялык жыйыны өтүүдө.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: