super.kg logo
  Саясат  

Ош. Шаар көчөлөрүндөгү ичимдик, тамеки өңдүү жарнамалардын ордуна мыкты окуучулардын сүрөттөрү илинди

 

Ош шаарынын көчөлөрүндөгү ичимдик жана тамеки өңдүү жарнамалардын ордуна келечек ээси болгон окуучулардын сүрөттөрү илинди. Бул тууралуу бүгүн, 14-февралда Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.

Мектеп окуучуларынын арасында өзгөчө зээндүү, шыктуу окуучулардын жөндөмүн өнүктүрүүгө жана кызыкчылыктарына колдоо көрсөтүү, окуучулардын атаандаштыкка жарамдуулугун өнүктүрүү максатында сынак өткөрүлгөн.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгы жана мэриянын колдоосу менен 9-класстардын арасындагы сынактын жеңүүчүлөрүнүн сүрөттөрү шаардын И.Раззаков, Ленин, Курманжан датка жана А.Масалиев көчөлөрүндөгү жарнак такталарына илинди.

Ош шаардык билим берүү башкармалыгынын жетекчиси К.Кимсанов: "Билимдүү жаштар – келечекке шам чырак!» дегендей, мындай иш-аракет окуучулардын жаркын келечекке болгон ишенимин бекемдеп, андан ары да жигердүү аракеттенүүсүнө өбөлгө түзөт",- дейт.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: