Жалал-Абад шаарында журналисттер үчүн пресс-сессия болуп өттү
Бүгүн, 14-февралда Жалал-Абад шаарындагы журналисттердин башын бириктирген пресс-сессия болуп өттү. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, аталган иш-чарага 15 журналист катышкан. Сессия Экономикалык журналистика мектеби тарабынан уюштурулду.
Өнүктүрүү саясат институтунун бюджеттер аралык мамлелер боюнча эксперти Асылбек Чекиров: “Мындай семинарларды өткөрүп туруу журналисттер үчүн жакшы. Анткени азыр биз бюджетти кантип чагылдыруу керектиги боюнча окутуп жатабыз. Биздин максат - журналисттерге туура багыт берүү жана аз да болсо өз салымыбызды кошуп, ийгиликтерди багынтууга көмөк көрсөтүү”,- деди.
Мындай пресс-сессия кечээ, 13-февралда Баткен облусунда өткөн.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

