Мелис Турганбаев Совет аскерлеринин Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады




Бишкек ШИИББинин
башчысы Мелис
Турганбаев Совет аскерлеринин
Ооганстандан чыгарылгандыгынын 25 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу Шаардык
ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматы билдирди.
Автор: Айпери Ганыжан кызы
Маалыматка ылайык, азыркы
тапта Райондук ички иштер башкармалыгында коопсуздукту сактоо боюнча иш алып
барып жаткан Ооган согушунун ардагерлерин майрамы менен куттуктап, акчалай
сыйлык тапшырылган.
“15-февраль
календарда кызыл күн болбосо да, Ооганда набыт болгондорду эскерүү менен ушул
күндү белгилеп келебиз. Ооган согушун уулун жоготкон ата-эне, кыргыз эли
унутпайт. Канча убакыт өтпөсүн, жоокерлердин эрдиктери түбөлүк эсибизде сакталат”,-
деди Турганбаев.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

