Орусиядагы төрөт үйлөрүнө кыргызстандыктар таштап кеткен балдардын сегизи март айында алынып келинет
Орусиядан 8 бала март айында Кыргызстанга алынып келинет. Бул тууралуу 14-февралда мекеменин коллегиялык жыйынында социалдык өнүгүү министри Кудайберген Базарбаев билдирди. “Азыркы тапта чет мамлекеттерде биздин мигранттардын саны көбөйүүдө. Чет өлкөлөрдөгү төрөт үйлөрүнө кыргызстандыктар наристелерин таштап кетип жатышат. 2014-жылы январь айында биз Орусиядан 3 баланы алып келдик. Март айында 8 ымыркайды алып келүүнү пландап жатабыз”,- деди министр.
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
19:12
2025-07-15
20:13
2025-07-14
Рейтинг:
0

