super.kg logo
  Саясат  

Жалал-Абадда "Манасым" - менин мурасым" аттуу илимий семинар болуп өттү

 

Жалал-Абад облустук китепканасында кечээ, 14-февралда студенттер үчүн "Манасым" - менин мурасым" аталышындагы илимий семинар болуп өттү. Бул тууралуу бүгүн, 15-февралда мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Семинарда "Манастын" муундан-муунга сакталып, эл оозунда айтылып, ал гана эмес, дүйнөлүк ЮНЕСКОго катталгандыгы туурасында сөз болду. Ошондой эле залкар манасчы Жусуп Мамай жөнүндө маалыматтар айтылып, жаштар кызыктырган суроолоруна жооп алышты.

Иш-чаранын катышуучусу, Жалал-Абад шаарындагы Мамлекеттик тил комиссиясынын төрайымы Үпөл Асаналиева мындай иш-чаранын бүгүнкү күндө жаштарга мааниси чоң экенине токтолуп, кыргыз эли уюткулуу улуу эл жана руханий баа жеткис эпосторго бай экенин айтып өттү.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Талкуу жабык.
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: