“Тамашоу” лигасынын Кышкы фестивалы жыйынтыкталды (фоторепортаж)
Лиганын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев "Тамашоунун" акыркы жаңылыктары жана болочок пландары менен бөлүшүп өттү.


Лиганын негиздөөчүсү Эрмек Нурбаев "Тамашоунун" акыркы жаңылыктары жана болочок пландары менен бөлүшүп өттү.

"Багыт" командасы сүйүшкөндөр күкүнө карата катталган аба ырайын айтып беришти.


"Вукинги" командасынын аткаруусундагы тамаша. Кичинекей бала коомдук мончого барып, чоңойгусу келбей калыптыр...

"Мисс шоу" командасы.

Шаурма жасаган киши өз үйүндө кантип жатарын "Бишкек" командасы көрсөтүп берди.

"Айым Style" командасы: "Эгер сенин жигитиң сени кечке эле борбордук аянтта жолугууга чакыра берсе, анда ал солдат"

Калыстар тобунун катарында "Ташчайнар" лакап аты менен белгилүү болгон Нурлан Алишеров отурду. "No name" ага ташты майдалатуу үчүн көтөрүп келген.

"Made in China" командасы белгилүү кытайлык актёр Жеки Чандын тасмасында көрсөтүлгөндөй, кадрды артка түрүп, даярдык учурунда кетирген каталарын көрсөтүп беришти.

"Айбан" деген сөздүн түшүндүрмөсү - өтө кооз, искусствонун жыйынтыгында келип чыккан деген маанини түшүндүрөт ("Олимпик")

Калыстардын чечими менен “Мыкты команда” наамына “Ассорти” жана “No name” командалары ээ болушту.
Бүгүн, 15-февралда Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Кышкы фестивалы жыйынтыкталды. Фестивалга 22 команда катышып, кыска жана толук форматта оюн көрсөтүштү. Жыйынтыгында “Мыкты команда” жана “Мыкты оюнчу” наамдары боюнча жеңүүчүлөр аныкталышты.
Калыстардын чечими менен "No name" курама командасы “Мыкты команда” деп табылса, “Ассорти” жана “Олимпик” командалары "Мыкты тамаша" наамдарына татышты. Ошондой эле “Мыкты оюнчу” наамы боюнча да 2 оюнчу табылып, Перизат (“Мисс шоу” командасы) жана Тыкы ("Кыргыз двор") сыйлык ээлери болушту. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
12:14
2025-07-04

19:23
2025-07-02
17:23
2025-07-02
Рейтинг:
2

Кимдир-бирөөнү кемсинткен, мазактаган сөздөрдү жазууга тыюу салынат!