super.kg logo

“Тамашоу”: Кышкы фестивалда жаңы курама командалар алгачкы оюнун өткөрүштү

 
Бүгүн, 16-февралда Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Тамашоунун” Кышкы фестивалынын экинчи күнү өтүүдө. Оюн кыска жана толук форматта өтүп жатат. Кыска форматтагы курама командалар алгачкы жолу оюнга катышып жатышат. 

“Weekand” курама командасы: Кыргызстан Бажы союзуна кирсе “Дордойдо” абал кандай болот?  - Оптом контейнер сатылат, оптом сатылат...

“Асылкечи” курама командасы: 

- Менин жигитим Ч.Айтматовдун чыгармасындагы каарманга окшош. Анткени ал аскерден качкан. 

- Мен да жигитимди Ч.Айтматовдун “Делбирим” чыгармасынан деп келем, ал ЗиЛ айдайт. 

- Менин жигитимдин аты - Кылыч. Аны Т.Касымбековдун “Сынган кылычына” окшоштурам. Андан акча "сындырса" болот.

 “Тентектер” курама командасы:

"Аганы көрүп ини өсөт" дегендей, үйдө болгон окуя. 

Күзгүнүн астында турган агасына иниси келип: 

- Байке, баары нормальный элеби? Жеңем жакшыбы? 

- Ооба, эмне болду? Бар, оюнуңду ойной бер,- деп чыгып кетет. Анда иниси:

- Алло, жаным, келе берсең болот. Квартира бош.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: