super.kg logo

Жылнаама, 17-февраль: Мындан 81 жыл мурун төкмө акын Токтогул Сатылганов каза болгон

 
*Мындан 81 жыл мурун, 1933-жылы кыргыз улуттук адабиятынын башында тургандардын бири, демократ акын Токтогул Сатылганов 69 жаш курагында туулган жеринде дүйнөдөн кайткан.
Төкмө акын, обончу, комузчу, аткаруучу, куудул Токтогул Сатылганов 1864-жылы Ош облусунун Кетмен-Төбөсүндө туулган. Он үч жашынан эле айыл арасында ырдай баштаган. Ырлары ар кандай тематикада болгон. Алгачкы ырлары катары "Алымкан", "Чакырбай сүткор", "Беш каман", "Эшен-калпа" өңдүү чыгармаларын айтууга болот. Кийинчерээк акын "Эмне кызык?", "Гүлдөп ал", "Санат", "Терме" сыяктуу нускалуу ырларды ырдаган. Бай-манаптарды, эшен-калпаларды сындаган көп ырлары бар. 1898-жылы Сибирге сүргүнгө айдалган, анда жүргөндө "Туткун ыры", "Ушундайбы сурагың?", "Качып келе жатканда" сыяктуу ырлары чыккан. 1903-жылы сүргүндөн келгенден кийин "Эңсеген элим, аманбы?", "Апакем, аман барсыңбы?" жана башка ырларды жараткан. Октябрь революциясынан кийин жаңы түзүлүштү даңазалаган. Токтогул - айтыш жанрындагы ырлардын чоң устаты. "Манас" эпосун, кенже эпосторду да айткан. 1938-жылы алгачкы ырлар жыйнагы жарык көргөн. Кийин ырларынын эки томдугу кыргызча, эки томдугу орусча, бир томдугу французча чыгарылган.
*Мындан 8 жыл мурун, 2006-жылы Филиппиндин Түштүк Лейт провинциясында 10 күн тынбай нөшөрлөп жааган жаандын кесепетинен ири көчкү жүргөн. Көчкү 1126 кишинин өмүрүн алып кеткен. 





 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(0)
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: