super.kg logo

Ливиядагы абактан 100гө чукул кылмышкер качып кетти

 

Ливиянын Злитен шаарындагы абактан 100гө чукул адам качып кетти. Бул тууралуу 15-февралда чет элдик басылмалар жазып чыгышты. 

Бийликтин берген маалыматына ылайык, качкан 92 адамдын 19у кармалган. Айрымдары каршылык көрсөткөндүктөн, ок чыгарууга туура келген. Натыйжада качкан адамдардын экөө жаракат алган. Күч органдары кылмышкерлердин жакын туугандары менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүүдө. Абактан качууга күзөттүн чабалдыгы да себеп болду деген божомолдор бар. 

Айрым маалыматтарга ылайык, камактагылар дарбазаны ачтыруу үчүн дарыгерди чакырышкан. Аларды куралсыз калтырып, топ болуп качышкан. 

Башка билдирүүлөрдө абактагылардын ызы-чуусуна күзөтчүлөр туруштук бере албай, кылмышкерлер түрмөнүн дарбазасын сындырып чыгышканы айтылууда. 

Аталган түрмөдө 220га жакын адам кармалат. Мындан сырткары 2014-жылы февраль айында 50дөй адам борбордогу түрмөдөн качып кетсе, 2013-жылы Бенгазидеги камактан миңден ашуун адам качкан.






 
Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.


 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Рейтинг: Рейтинг 0 
Комментарийлер(4)
17.02.2014. 09:16 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Кечээ 16-февралда Кадамжай районунун Халмион айылында 9 автомашина катышкан крупный автоавария болуп отту.Хонда степвагон автомашинасы рульду башкара албай жолдун каршы тарабына чыгып кеткен.Натыйжада 8 автомашина жараксыз абалда калып,бир адам оор жаракат алган.
17.02.2014. 13:00 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
+1
ал абактан качкандар Кыргызстандын паспортун алышат эми
17.02.2014. 14:46 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Aviator, туура айтасын кыргызстанга келсе беришет.
19.02.2014. 02:58 
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
кинодогудай болуптурго),алар эми кайака барат?
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде колдонуучу (Катталган: , коноктор: ) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
195263;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2025 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Турусбеков 109/1
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
p
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: