Жеңил атлетика боюнча Азия чемпиондугунда кыргызстандыктар 2 медаль утуп алышты
Кечээ, 16-февралда Кытайдын Гуанчжоу шаарында жеңил атлетика боюнча мелдеш жыйынтыкталды. Анда кыргызстандык спортчулар 2 медаль тагынышты. Бул тууралуу бүгүн, 17-февралда Дене тарбия жана спорт мамлекеттик агенттигинен кабарлашты.
Маалыматка ылайык, 15-16-февраль күндөрү өткөн мелдеште 800 метр аралыкка чуркоодо Ксения Файсканова 2-орунду, 1500 метр аралыкка чуркоодо Виктория Полюдина коло медаль утту.
Кошумчалай кетсек, Кытайга Азия чемпиондугуна катышуу үчүн жарышка кыз-келиндер арасында Анна Буланова, Виктория Полюдина, Гүлшонай Сатарова жана Ксения Файсканова аттанган. Ал эми уландар арасында Кыргызстандын желеги астында Адилет Кыштакбеков, Алексей Намуратов, Валерий Пономарёв жана Эржан Аскаров сыяктуу атлеттер аттанган. Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рубрикадагы соңку кабарлар
16:27
2025-07-02
Рейтинг:
0

Комментарийлер(1)
faha

17.02.2014. 11:08
Тайпасы:
Комментарийлердин саны:
Катталган:
01-01-1970
Соӊку аракети:
01-01-1970 00:00
Жынысы:
Белгисиз
0
жеңил атлетика боюнча "EMNE" жыйынтыкталды? toluk jazsanar..
1 |
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.